Арслан Койчиев бул баш кийим элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы экенин белгилеген.
“Ата-бабалар калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет”, — деген ал.

