Тышкы иштер министри Бахрейн жана Омандын элине тилектештик билдирди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заяни менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу Бахрейндин элине тилектештик билдирди.

Тараптар аймактагы абал тез арада тынчып, саясий-дипломатиялык диалог кайра жанданып, аймакта тынчтык жана туруктуулук орнойт деген үмүтүн билдиришти.

Андан соң Жээнбек Кулубаев Оман өлкөсүнүн тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Аль-Бусаиди менен дагы телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Бахрейн менен Оманды расмий түрдө колдой турганын билдирди.

Тараптар аймактагы коопсуздук коркунучтарын талкуулап, маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстан Маскат шаарына ыраазычылык билдирди. Анткени Оман Кыргызстандын жарандарын Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мекенине эвакуациялоого жардам көрсөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *