Ош облустук милицияга маалымат 20-февралда түшкөн. Анда Көк-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну өз үйүндөгү мал сарайда жанын кыйганы маалымдалган.
Мекеме соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер башталганын маалымдады.
Ал эми соцтармакта келин бир жыл мурун турмушка чыкканы, кош бойлуу болгону айтылууда. Каза болгон келиндин жакындары анын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин, акыркы жолу апасына жазып, күйөөсү дагы урганын, энесинен алып кетүүсүн суранганын айтышты.

