Жекшемби күнү China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылган алгачкы каттам менен 134 жүргүнчү Бишкекке учуп келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кетти.
Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багытындагы каттам аптасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, China Southern Airlines компаниясы Бишкектен Бээжин шаарына жумасына алты жолу каттам аткарат.



