Ташиевдин уулу «Кыргызнефтегаз» иши боюнча айыптоолорго жооп берди

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Салык кызматынын «Кыргызнефтегаз» боюнча айыптоолорун четке какты.

Анын айтымында, «Мока Групп» компаниясы акыркы беш жылда ишкананын продукциясынын болгону 1,53%ын гана сатып алган жана бардык салыктарды төлөгөн. Ал монополия тууралуу маалыматтарды “жалган” деп атады.

Ошол эле учурда тергөө органдары коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик ишканада мыйзамсыз схемалар болгон болушу мүмкүн экенин текшерип жатат.
Учурда тиешелүү органдар кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп, иш боюнча тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *