Бул тууралуу күч органдарындагы булактар кабарлады. Маалыматка караганда, Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш иш ИИМ тарабынан козголгон.
Буга чейин Салык кызматы «Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды» кандайча талкалашкан?» аттуу иликтөө жарыялап, ишканадан мунай өндүрүп сатуудагы коррупциялык схема аныкталганын иликтеп чыккан.
Анда «Кыргызнефтегаздын» кирешеси Ташиев менен байланышы бар ортомчу компаниялар аркылуу атайын кызматтын мудагы башчысынын үй-бүлөсүнө түшүп турганы айтылат.

