Кыргызстан жаңы соода коридорунан жол ачты

Бишкек шаарынан чыккан жүк ташуучу унаа Карачи портуна жетти. Ал Кытай менен Пакистандын аймагы аркылуу жалпы 3 300 км жолду басып өттү.

Бул экспорт жана импорт үчүн альтернативдүү жол катары каралып жатат. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров буга оң баасын берди.

«Кыргызстан акыркы убактарда деңизге чыгуу үчүн ар түрдүү альтернативдүү жолдорду издеп жатат. Бул ШКУнун алкагындагы сүйлөшүү менен жетишилген маршруттардын бири болду.Бул маршрут арзаныраак деп айта албайбыз. Анткени ал жолдо оор делген рельефтер бар. 4700 миң метр бийикке чейин чыккан унаа албетте күйүүчү майды көп сарптайт. Бирок бул маршрут кымбат баалуу жана маанилүү товарларды ыкчам жеткирүүдө жакшы альтернатива болуп берет», — деди эксперт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *