Билет баасын арзандатуу үчүн ички авиакаттамдарга жыйымдарды алып салуу сунушталууда

Министрлер кабинети билет баасын арзандатуу үчүн ички авиакаттамдарга жыйымдарды алып салууну сунуштоодо.

Министрлер кабинети ички каттамдар үчүн жыйымдарды азайтуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Максат — авиакомпаниялардын чыгымдарын кыскартып, билет баасынын өсүшүн ооздуктоо жана аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Долбоорго ылайык, бардык ички каттамдарда аэронавигация жана аэропорттордо жерде тейлөө акысы 50%га төмөндөйт. Ал эми сегиз социалдык маанилүү багытта туруктуу учкан ата мекендик авиакомпанияларды бул жыйымдардан толук бошотуу пландалууда.

Бул чаралар төмөнкүлөргө шарт түзөт деп күтүлүүдө:
-авиабилеттердин баасын турукташтыруу;
— учуулардын географиясын кеңейтүү;
-Баткен, Раззаков, Жалал-Абад сыяктуу шаарларга каттамдарды көбөйтүү.
Жаңы эрежелер токтом расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *