Бишкекте биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.


Анда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды.


Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.


Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *