Бишкекте асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, мэр Айбек Джунушалиев Швейцариянын Флумус шаарында Bartholet Swiss компаниясынын президенти Ролан Бартолет менен жолугушту.


Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.


Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат. Мэрия аталган компания асма жол курууда лидер экендигин белгилеп өттү.

Сүрөт интернеттен алынды

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *