Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары өзүн атып алгандыгы кабарланууда

Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалым болгондой, милицияга 13-мартта саат 23:00 чамасында банкет залынын жанында токтоп турган унаанын ичинде бир эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун ким экенин аныктаган. Ал Кубанычбек Капалов экени белгилүү болгон. Учурда болгон окуянын бардык жагдайлары такталып жатканы айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *