Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты.

Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен өнөктөштүк орнотууга басым жасалууда.

Электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ), ККМ жана «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу инструменттер ак ниет ишкерлерге болгон административдик басымды азайтып, салык тутумун ачык-айкын жана ыңгайлуу кылууда.

Форумдун катышуучуларынын арасында өлкөнүн ири соода аянтчаларында («Дордой», «Кара-Суу», «Мадина») «Базар» маалыматтык системасын киргизүү тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратты. Санариптештирүүнүн натыйжасы айкын: фискалдаштыруунун аркасында бул базарлардан түшкөн салыктык кирешелер 2025-жылы 1 млрд 84,6 млн сомго жетип, өткөн жылдарга салыштырмалуу 64%га өскөн.

Мирлан Рахманов белгилегендей, фискалдаштыруу бизнести көмүскөдөн чыгаруунун жана кирешелерди ачыктоонун негизги механизми болуп саналат, бул өз кезегинде мамлекеттик бюджеттин туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *