Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар менен кошо жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *