Операция Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жүргүзүлдү.
Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгон. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы.
Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча эң алгачкы операция 2024-жылдын июнь айында ийгиликтүү жасалган. Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасындагы операцияны Түркиядан атайын окуудан өткөн кыргыз дарыгерлер ишке ашырган болчу.


