Ош шаарына эл аралык стандарттагы «Oxford» билим берүү мекемеси курулат

Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Шаар башчысы Ош — өлкөдөгү экинчи ири шаар экенин белгилеп, билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Ал Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү уюмдарын Ош шаарына инвестиция салууга чакырып, мэрия ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Долбоордун алкагында тараптар ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Бул жаңы мектеп жеке менчик негизде иштегени менен, эл аралык деңгээлдеги билим берүү борбору болуп, шаардагы билим сапатын жогорулатууга, мектеп жетишсиздигин жоюуга жана жаштардын келечек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *