23-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барды.
Анда бул өлкөнүн президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышышты.
Президент Жапаров Путинди үстүбүздөгү жылдын 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды.
Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады.


