Эске сала кетсек, буга чейин Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган.

Өлкө башчысы Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп,  анда  келечектеги күйөө баласын сынга алып, президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин айткан.

«Болочок күйөө бала президенттин жакыны болгону жатсам элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып жаткандан кийин баш тартмак эмес да. Акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм», — деди ал. Өлкө башчы ӨКМге тик учактар өз баасын актап, жаңыларын алуу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилгенин айткан жакшылык-жамандыкта ысырапкорчулукту азайтууга чакырган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *