23-июнь күнү Чоң-Алай айыл аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, ардагерлер, коомдук алдын алуу борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары менен биргеликте жыйын өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз милициясынын тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлдү. Максаты — кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-булөлүк зордук зомбулукту болтурбоо.
Жолугушууда милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен айылдарды аралап, калк арасында жаралган көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн үстүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылуу, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана жаш балдарга байланышкан кылмыштардын алдын алуу жаатында аткарып жаткан иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга коомдук алдын алуу борбору тарабынан уюштурулган кофе, шириндиктер тартууланды.
Өз кезегинде жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринен ок атуучу куралдарды мыйзамдуу түрдө сатып алуунун жана алып жүрүүнүн жол жоболорун сурап кайрылды. Аларга бул боюнча толук маалыматтар берилди.
Жарандардан түшкөн электр энергиясы, оорукана жана башка тармактар боюнча көйгөйлөрдү райондук милициянын жетекчилиги тийиштуу тараптарга кат жолдоп, жашоочуларга көмөк көрсөтүүдө.
Кошумчалай кетсек, учурда көчмө кабылдама график боюнча бардык райондордо иштеп жатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *