2024-жылдын 24-июнь күнү милиция кызматкерлери калаада Н. аттуу баланын адашып жүргөндүгүн байкаган. Өздүгүн тактап, мыйзамдуу өкүлүнө кошуп берүү үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген. Жүргүзүлгөн тактоо иш-чаралардын негизинде ал 2011-жылдын 19-август күнү туулган Н.А. аттуу өспүрүм экендиги аныкталды.
Ал Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында ата-энеси менен жашай тургандыгы белгилүү болду. Текшерүү учурунда Н. А. 23-июнь күнү саат 13:00 чамасында иниси менен бирге короодо иш кылып жүргөн жеринен эч кимге айтпастан Ош шаарын көздөй жөнөп кеткендиги такталды.
Н.А.Кара-Суу районундагы Жар-Ооз айылында жашаган таэнесинин үйүнө барууну пландагандыгы маалым болду.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баланы багып, тарбиялоодогу ата-энелик милдеттер айтылган соң ал жакындарына өткөрүлүп берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *