Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Лю Цзянчао менен жолугушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Миргүл Темирбаева, Алишер Эрбаев, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эльдар Сулаймановдор да катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, 2023-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык иштер бөлүмү тарабынан «Борбор Азия – Кытай» форматынын алкагында саясий партиялардын 1-диалогу ийгиликтүү уюштурулганын белгиледи.

Депутат «Борбор Азия – Кытай» форматынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кытай тарап менен мындан аркы конструктивдүү кызматташууга даярдыгын билдирип: «Соода-экономикалык байланыштар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналат. Бул багытта өз ара аракеттенүүнүн активдүү деңгээлин канааттануу менен белгилегим келет. Кытай көп жылдардан бери Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана кала берет», – деп кошумчалады Улан Примов.

Ал эми Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Лю Цзянчао Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз-кытай алакаларын кеңейтүүгө багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүү керектигин кошумчалады.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баштаган депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Эрбаев, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эльдар Сулайманов Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык иштер бөлүмүнүн Евразия департаментинин директору Ван Минь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде, Пекин университетинде болуп, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *