Ош шаарында биринчи жолу муниципалдык күрөш залы ачылды. Курулуш иштери өткөн жылы башталып, аны шаар мэри Бакытбек Жетигеновтун демилгеси менен ишке ашкан. Акыркы үлгүдөгү машыгуу залынын ачылуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип таанышты.
Спорт залды курууга республикалык буюджеттен 33миллион сом бөлүнгөн. Анда аялдар үчүн жана уул балдар үчүн өзүнчө бөлмөлөр, атайын бассейн курулган. Мында 6 жаштан 18-19 жашка чейинки спортчулар келип, эркин күрөш жана дюздо спорту боюнча акысыз машыга алышат. Арасынан тандалып алынган балдарга атайын группа түзүлүп дүйнөлүк аренадагы мелдештерге даярдалат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *