Баткен жана Фергана облусунун жетекчилери жолукту. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жолукту. Жолугушууга Баткен жана Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш район-шаар башчылары да катышты. Облус башчылары Абдикарим Алимбаев менен Хайрулло Бозаров Баткен жана Фергана облустарынын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө туризм жаатында кызматташууну жаңы тепкичке алып чыгуу үчүн тийиштүү болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, эки облустун чек араларында жайгашкан өткөрмө пункттарда чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү шарттарын жеңилдетүү маселесин карашты. Аны менен катар быйылкы туризм сезонун ачуу аземин биргеликте өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуу эки облустун күч түзүмдөрүнүн, район-шаар башчыларынын жетекчилеринин, өз тармактары боюнча маселелерди талкуулап,чечүүгө да зор мүмкүнчүлүк болду.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *