Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчик ишкерлер менен өткөрүлгөн жыйындан соң курулуш объекттерин жеринен көрүп чыкты.
Министр азыркы учурда салынып жаткан Гапар Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн байланыштыруучу эки деңгээлдүү көпүрөнүн, Кең-Сай массивинде салынып баштаган мектеп жана бала бакчанын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай имараттарынын курулушу менен таанышты.
Нурдан Орунтаев аталган объекттерде курулуш иштери мыйзамсыз башталып, тиешелүү талаптар, курулуш механизмдери сакталбагандыгын белгилеп, атайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен аталган маселелерди чечүүнүн жол-жобосу карала тургандыгын билдирди.

