Жол эрежесин бузган айдоочу тууралуу билдирген жарандарга сый акы берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан сыйлык берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.


Мыйзам долбоорунда эрежелерди бузган учурда жерлерден сүрөт, видео материалдарды тиешелүү мекемеге жөнөтүү аркылуу укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды материалдык жактан сыйлоо сунушталат.


Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппул төлөнгөн учурда ар бир төлөнгөн айып пулдун суммасынан жеке жактарга 25%, ал эми юридикалык жактарга 50% төлөө каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *