Коргоо министрлигинде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата митинг болуп өттү

2026-жылдын 23-февралында Коргоо министрлигинде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын аскер кызматчыларынын катышуусу менен митинг болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышып, Коргоо министри өз сөзүндө “Өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоого да бир топ көңүл бурулууда. Биз мындан ары да турак-жай менен камсыздоону, ыңгайлуу, заманбап инфратүзүмдөрү бар аскер шаарчаларын курууну, аскер кызматчыларыбыздын статусун көтөрүүнү жаатындагы иш аракеттерди токтотпойбуз”, — деди.

Иш-чаранын соңунда “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын сыйлоо жөнүндө” буйругу жеткирилип, Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *