Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 12 көчөдө курулуш иштери жүрүп жатат.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев белгилегендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Быйыл Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилөө иш-чаралары Талас облусунда өткөрүлөт.
Курулуш иштери болжол менен 4 айга созулат. Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жолду куруу иштери активдүү жүрүүдө.
Экинчи баскычта дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталат. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылган.


