Учурда республикада 180ге чейин орус тили жана адабияты мугалимдери иштеп жатат. Бул тууралуу «Россия 24» телеканалына Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Анын айтымында, азыр Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири президенттик долбоор ишке ашырылууда.
«Жыл сайын Кыргыз Республикасында орус тили жана адабияты боюнча 180ге чейин мугалим иштейт. Келечекте бул көрсөткүчтү көбөйтүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле азыр тогуз жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири президенттик долбоор ишке ашууда», — деди Сергей Вакунов.

