Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот.
“Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт”, — деди Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси.
Мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп, окуу класстары ишке берилет. Бул Кыргыз авиация институтунун учкучтарын жана курсанттарын окутууга жана кайра даярдоого шарт түзөт.

