«Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектинин буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча жолгушуу өттү

2026-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Аскаралы Мадаминов ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектиси боюнча иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасына келген эл аралык эксперттер тобу менен жолугушту.

Эл аралык эксперттердин визити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 933 токтомун ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, «Ыйык тоо – Сулайман Тоо» объектинин буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштырууга багытталган. Эксперттик миссия Кыргыз Республикасында 7-январдан 12-январга чейин иш алып барат.

Эл аралык эксперттер тобунун курамына төмөнкү адистер кирди:

• Дмитрий Воякин — Казакстан Республикасынын Жакшы ниет элчиси, Казакстан Республикасынын ЮНЕСКО жана ИСЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөсү, MondiaCult 2025 форумунда Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министринин ыйгарым укуктуу өкүлү, Лондон университеттик колледжинин (UCL) алдындагы «Борбор Азиянын археологиялык ландшафттары» (CAAL) долбоорунун координатору;

• Кай Вайзе — ICOMOS Непал уюмунун мурдагы президенти, учурда ICOMOSтун Азия-Тынч океан аймагы боюнча Регионалдык тармагын координациялоочу адис;

• Наргиз Айтуганова — маданий Бүткүл дүйнөлүк мурас жаатындагы изилдөөчү.

Визиттин жүрүшүндө эксперттер тарабынан буфердик зонанын чек араларын оптималдаштырууга багытталган жаңы номинацияны даярдоо, ошондой эле объектке тийгизилүүчү таасирди баалоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Сулайман Тоо» объектисин сактоо, ЮНЕСКОнун талаптарын жана сунуштарын сактоо маселелери, ошондой эле жаңыланган номинацияны даярдоо жана макулдашуу боюнча кийинки кадамдар талкууланды. Министр эл аралык эксперттер менен конструктивдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын уникалдуу тарыхый-маданий мурасын сактоо максатында ар тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *