Курулуш министрлиги «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын токтоп калган объектилерин өз карамагына алып, курулуш иштерин аягына чыгара турганын 12-февралда министр Нурдан Орунтаев үлүш ээлери менен ЖК «Кудайберген» аянтындагы жолугушууда билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, чечим батирлерин төрт жылдан бери ала албай жаткан жарандардын көптөгөн кайрылууларынан кийин кабыл алынган.
Нурдан Орунтаевдин айтымында, «Кудайберген» жана «Шопоков» турак жай комплекстеринде иштер бир айдын ичинде жанданып, эки жылда толук бүткөрүлөт. Так график жана смета даярдалып, үлүш ээлеринин каражаттары курулушка гана жумшалат, батирлердин баасы базардык деңгээлден жогору болбойт.



