2026-жылы борбор калаада экинчи таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитеттин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, жаңы объект ишке кирсе, комплексинин жалпы кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Мунун негизинде Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй Чүй аймагынын катуу тиричилик калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган. Учурда ал 80 миң тонна таштандыны иштетти. Заводдун азыркы кубаттуулугу суткасына 1–1,2 миң тоннаны түзүп, технологиялык процесс аркылуу 30 МВт⋅с чейин электр энергиясын өндүрүүгө шарт бар.

Мындан тышкары, борбордо суткасына 100 тонна чийки затты кабыл алган сорттоочу комплекс иштеп жатат.

2026-жылы мэрия дагы бир маанилүү долбоорду — калдыктарды терең иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландоодо. Ал жерде кайра иштетилген чийки заттан тротуардык плиткалар, көчө отургучтары, таштанды челектери жана канализациялык люктар өндүрүлөт.

Бул демилге Кыргызстанда айланма экономика принциптерин жайылтууга жана Чүй облусундагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *