Бишкек шаарында 8-11-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Грек-рим күрөш боюнча төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг.

Эркин күрөш боюнча төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг

Салтанаттын ачылуу аземи 8-январь күнү саат 11:00де башталып, 8-9-январь күндөрү эркин жана 10-11-январь күндөрү грек-рим күрөшү беттештери өтөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *