Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 8-январда кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.


«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, – деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *