10-май күнү Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 м3 ийне жалбырактуу пиломатериалдарын текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги, башкача айтканда товарды алуучулардын ар башка дареги көрсөтүлгөндүгү аныкталган.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынан билдиришти.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби тууралуу Жобонун 3.7 пунктуна ылайык бул жүк кайра артка кайтарылган.


