Контентинин 60%ы кыргызча болбогон телеканалдар жабылат

Өлкөдөгү бардык телеуюмдардын жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн ошондой эле, «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланды.

Министрдин орун басары берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60%дан кем болбошу керектигин, бирок айрым телеканалдар кайталоо менен “жан багып” келе жатканын айтты.

Ошондуктан “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериалдын” 400дөн ашык тасмасын, 40тай мультфильм жана 10дон ашык сериалды бекер берүү чечилгени белгиленди.

Телеканалдар 1,5 айдын ичинде бул мекемелер менен келишим түзүп, контентин толукташы керек. Болбосо мартта пландуу текшерүү жүргүзүлүп, ага жараша жыл соңунда тиешелүү чаралар кабыл алынары кошумчаланды.

Өлкөдө 42 телеканал бар, анын экөө мамлекеттик каржылоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *