Помидор ашыкча салмактан арылууга жардам берет


Помидор дүйнө жүзүндө кеңири тараган жашылча болуп саналат. Бирок анын организимге тийгизген пайдасын баарыбыз эле биле бербейбиз. Адистердин айтымында помидордо көп сандаган антиоксиданттар,витаминдер,минералдык компоненттер, биологиялык активдүү заттар бар.
Помидор фолий кислотасына, А жана С витаминдерине, Ликопен, Лютеин,Бета-Каротин, Холин сыяктуу бир катар антиоксиданттарга бай. Ошондой эле помидор рак оорусунун алдын алуу үчүн күчтүү каражат болуп саналат.Ал гана эмес, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Тамак сиңирүү үчүн помидор бул өзүнчө бир бальзам жана ар кандай гастрит ооруларына даары болуп саналат.Бул жашылча сулуулук салондордо да көп колдонулат .
ЭСКЕРТҮҮ: Помидорду эч качан кабыгы менен кошо жебеңиз!Помидордун ички кызыл кабыгы сиңирилбегендиктен,ичегиге жабышып жаралар пайда болушуна себеп болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *