Каза болгон пенсионерге Социалдык фонд 31 миң 700 сом төлөп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мекеменин төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди.


Маалыматка ылайык, акча маркумдын жакындары кайрылган учурда гана бир жолу төлөнөт.
Пенсионердин каза болгондугу тууралуу маалымдама менен анын жакындары Социалдык фондко кайрылышы керек. Болбосо акча берилбейт. Жакындары, үй-бүлөсү болбосо, маркумду кошунасы акыркы сапарга узатышы мүмкүн. Мындай учурда ага төлөнүп берилет”, — дейт Социалдык фонддун төрагасынын орун басары.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басарынын айтымында, жыл сайын 22 миңге жакын пенсионер көз жумат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *