Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Жаңы каттамга 25 автобус чыгаруу пландалууда, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот.
Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын баштапкы аялдамасы – “Бишкек автобекети” мамлекеттик ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы болмокчу.
Автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен Алма – Ата көчөсүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети (“Бишкек автобекети” МИси) уюштурулган. Бөлүнгөн аянт 5 гектарга жакын.
II Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдирген. Бул чаралар аймактардын экологиясын жакшыртууга жана унаа тыгындарын жоюуга жардам берет.