Ал 52 кг салмакта күч сынашкан. Катары менен өзбекстандык, германиялык, орусиялык жана польшалык мушкерлерди жеңип, финалга чыккан.
3-декабрда өткөн финалдык беттеште Амантур Жумаев армениялык Арен Харатьянды утуп, дүйнө чемпиону болду.
Эскерте кетсек, 16 жашка чейинки мушкерлер арасындагы дүйнө чемпионаты Армениянын борбору Ереванда өтүүдө. Финалдык беттештер 4-декабрда жыйынтыкталат.
Буга чейин ноябрь айынын башында Амантур Жумаев Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде алтын утуп, Азия чемпиону болгон.

