Кыргызстанда “Коопсуз миграция кербени” аталышындагы чет өлкөдөгү бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарманке Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” USAID долбоору менен биргеликте уюштурулууда.
“Бош орундар жарманкеси чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 20дан ашык жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери катышат, алар кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунуштайт”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат:
Түштүк Корея, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрү сыяктуу ар кандай өлкөлөрдөгү бош орундар жөнүндө актуалдуу маалыматтар.
Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери аркылуу чет өлкөдө ишке орноштуруу этаптары жөнүндө маалымат.
Эмгек мыйзамдары жана чет өлкөлөрдө жумушка орношуу боюнча кеңеш.
Жарманке:
4-декабрда Баткенде (БатМУ);
5-декабрда Жалал-Абадда (ЖАМУ);
6-декабрда Ошто (ОшТУ);
12-декабрда Нарында (НарМУ);
13-декабрда Караколдо (ЫМУ);
14-декабрда Бишкекте (КУУ) өтөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *