Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдан эң көп добуш алган талапкерлерди депутат катары каттады.
Айбек Алтынбековго, Талант Мамытовго жана Айгүл Карабековага Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүк жана төш белги ыйгаруу туралуу чечим кабыл алынды.
Буга чейин БШК март айында өтө турган шайлоону жокко чыгарып, былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган.
БШК ошондой эле Элдар Сулайманов тапшырган мандатты кийинки талапкер Азизбек Абдуллаевге өткөрүп берди.
Сулайманов кечээ өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.

