«Намыс» командасы Көк бөрү турниринде чемпион болду

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште жогорку лигада Нарындын «Намыс» командасы алгачкы жолу жеңүүчү болду.

Финалдык беттеште теңир тоолуктар Таластын «Ынтымак» командасын 4:3 эсеби менен жеңип алды.Нооруз турнирин тогуз жолу уткан «Ынтымак» командасы көп жылдан бери алгачкы жолу биринчиликти алдырып жиберди.

«Ынтымактын» негизги атаандашы болгон «Достук» командасы быйыл мелдештен четтетилген эле.Жогорку лигада 3-орунду «Шахтер» командасы ээледи. Жалал-Абаддын командасы коло байге үчүн беттеште «Алтын-Альянс» командасын 3:2 эсеби менен жеңди.Биринчи лигада «Бийиктик» командасы «Көл-Төр» командасын 6-2 эсебинде жеңип, чемпион аталды. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *