Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык балбанды уткан. Андан кийин ирандык спортчуну жеңген.
Алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен 77 кгда күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Махмудов Азия чемпионатында 3 жолу алтын уткан.

