“Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет. «Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт. Кызыктуу этно оюндар, мелдештер уюштурулуп, кыргыздын темир тулпарчан көк жалдары каалоочуларды тулпарларында ойнотот»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2 чакырымга созулган мотожүрүш Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспектиси (Жүрүш Түштүк магистраль), Чыңгыз Айтматов, Манас, Чүй проспектилери жана 7-Апрель көчөсүнөн өтөт.

