Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган мектеп директорлорунун бош орундары үчүн сынакка 490 талапкер документ тапшырган.

Документтердин текшерүүсүнөн кийин тестирлөөгө 284 адам катышкан. Министрлик 15-апрелде тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 талапкер 60 упайдан жогору алып, тесттен ийгиликтүү өтүштү. Ошол эле маалда бир эле адам мектепти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык (10 жыл) башкара албайт.

Сынакка соттолгон адам катыша албайт. Эң жакшы натыйжага ээ болгон жеңүүчү менен эмгек келишими түзүлөрдөн мурда ага сыноо мөөнөтү берилет. Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *