Кыргызстанда педофилдерге пробация колдонбоо жана кылмышкердин жашы 60тан ашса да өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев тарабынан даярдалган.
Аталган документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинде каралды. Маматалиевдин айтымында, азыркы мыйзамда педофил жашы 60тан ашса, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбайт деген норма бар. Мындан улам ал бул норманы мыйзамдан алып салууну жана педофил 60тан ашса да, өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле ал мыйзамга педофилдерге пробация колдонулбаш керек деген норманы киргизүүдө.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Белгилей кетсек, азыркы мыйзам боюнча педофилдерге 15 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

