Жаңы- жылда 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жаңы-жыл майрамына карата 10 миңден ашык милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Милиция кызматкерлери 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бүгүн Бишкекте аларга саптык көзөмөлдөр жүргүзүлүп, ошону менен катар милициялардын майрам күндөрүнө болгон даярдыгы текшерилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *