Орусиянын Новосибирск шаарынды өткөн «Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун олимпиадасында Ош мамлекеттик университетинин студенттери 2-орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ОшМУнун Vit’oss студенттер командасы олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир нече ыкмаларын көрсөтүп беришкен.
“Морфология жана хирургия” II эл аралык форумуна КМШ өлкөлөрүнөн 14 команда катышкан

