Борбор калаада бүгүндөн баштап 31-декабрга чейин азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
31-декабрга чейин күнүгө саат 10:00дөн 17:00гө чейин болот. Ал “Ала-Тоо” аянтынын жака-белиндеги Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулган.
Иш-чараны уюштуруунун максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат алса болоору айтылды.