Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 21-март Ош шаарында Нооруз майрамына арналган маданий иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана шаар тургундары катышты.

Нооруз шаңы борбордук аянтта расмий коноктордун катышуусунда, улустун улуу күнүн даңазалаган театрлаштырылган сахналык көрүнүш менен башталды. Шаар мэри келген конокторду жана тургундарды жаздын жарчысы, жаңылануунун, ынтымак менен берекенин символу болгон Нооруз майрамы менен куттуктады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев ордолуу Ошту ар тараптан өнүктүрүү иштери өлкө башчы Садыр Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүндө улантылып жаткандыгын баса белгилеп, алдыда жасалуучу дагы алгылыктуу иштерге токтолуп, Жибек-Жолунун провайдери болгон байыркы шаар келечекте дүйнөлүк маданий борборго айланышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор кыргыз элинин көчмөн маданиятын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган «Шырдак» фестивалынын алкагындагы көргөзмө жана улуттук оюндар менен таанышып, салтанат маданият кызматкерлеринин ыр-бийлери менен коштолду. Майрам кечки саат 19:00дө чоң концерттик программа менен улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *